Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Бишкекте терроризмге байланыштуу конференция өтүүдө


Бишкекте “Азыркы мезгилде терроризмге жана экстремиздин зордукчул түрлөрүнө каршы күрөшүүнүн проблемалары” деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө. Ага КМШ, ШКУ, ЕККУнун өкүлдөрү катышууда. Форум КМШ мамлекеттеринин терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуусунун алкагында болуп, анда азыркы мезгилде терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү маселелери, Ооганстандагы абал талкууланууда. Конференцияда сөз сүйлөгөн Кыргызстан мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Кыргызстан Ооганстандагы абалды жөнгөрүү үчүн “Бишкек демилгесин” сунуштаарын билдирди. Атайын кызматтардын өкүлдөрү жана форумдун катышуучулары Ооганстандагы абал опурталдуу экенин жана анын жалпы Борбор Азия регионуна таасири тийерин белгилешти.(AiT)

XS
SM
MD
LG