Президенттин жарлыгы менен Чүй областынын Жайыл райондук сотунун төрагалыгына 2002-жылдын 22-ноябрында 7 жылдык мөөнөткө дайындалган Жакып Абдырахманов жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагалыгына ушундай эле мөөнөт менен дайындалган Куанбек Кыргызбаев кызматтарынан бошотулду. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AzK)