Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Британ аскерлеринин Ирак согушуна катышуусу иликтенет


Лондондо Британиянын Ирак согушуна катышуусу боюнча расмий угуулар башталууда. 5 мүчөдөн турган комитетте коргоо жана тышкы иштер министрликтеринин мурдагы расмий адамдары, экс премьер-министр Тони Блэр көрсөтмө беришмекчи. Комитеттин башчысы Жон Чилкот бул - сот жараяны эместигин айтып, бирок көз карандысыз жана адилет иликтөө жүргүзүлөөрүнө ишендирди. 2003-жылы мурдагы өкмөт башчы Блэр Ирактагы Саддам Хуссейндин режимин кулатууну көздөгөн урушка 45 миң жоокерди жөнөткөн. Британ контингентинин согуштук операциялары расмий түрдө быйыл апрелде аяктаган. 179 жоокер Ирактан кайтып келген жок. Иликтөө бир нече айга созулат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG