Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Тегеран эларалык сунушка байланыштуу кепилдик талап кылат


Расмий Тегеран чала байытылган уранды башка өлкөлөргө жөнөтүүгө каршы эмес. Бул тууралуу Ирандын тышкы мекемеси билдирди. Бирок Иран медициналык изилдөө реактору үчүн керек болгон жогору байытылган суюк отун алаарына кепилдик талап кылууда. Өткөн аптада Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Бириккен Улуттар уюмунун сунушун четке каккандай таризде сүйлөгөн эле. Эларалык арачылар Иран чала байытылган уранды Франция менен Орусияга жөнөтүп, ал жерде байытылган уран кайра Ирандын тынч максатты көздөгөн өзөктүк ишканасына кайтарылат деп сунуш кылышкан. Президент Барак Обама расмий Тегеран демилгени четке какса, анын кесепети “олуттуу” болот деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG