Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

АКШ менен Индия өзөктүк энергия боюнча келишимин аягына чыгарат


Эки тарапта мындай ниет бардыгын АКШ президенти Барак Обама менен Индия премьер- министри Манмохан Сингх Вашингтондогу сүйлөшүүлөрүнөн кийин болгон маалымат жыйынында айтышты.
Индия өзөктүк энергияга ээ болуусуна жол ачкан келишимди Дели менен 2005-жылы мурдагы президент Жорж Буш түзгөн. Документке Индия өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кошулбаганына карабай кол коюлган эле. Анда жетишилгендерди аягына чыгаруу үчүн эки тарап али бир катар кошумча документтерди макулдашуусу керек. Барак Обама өз сөзүндө АКШ Индия менен анын өзөктүк куралга ээ коңшусу – Пакистандын ортосундагы тирешүүнү басаңдатуунун жолун табууну кааларын да белгиледи.

XS
SM
MD
LG