Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Кытайда бузулган сүт үчүн эки адам өлүм жазасына тартылды


Эң жогорку жазага сүт өндүргөн бир фермер жана сүт саткан адам кириптер болду. Мындай катаал жазасы аркылуу кытай бийликтери коомдук кыжырданууну басаңдатууну жана өлкөдөн сүт импорттогондордун ишенимин калыбына келтирүүнү көздөөдө. Быйыл Кытайда балдар үчүн даярдалган кургак сүттү пайдалануудан кеминде 6 ымыркай каза таап, 300 миңден ашууну ооруган. Иликтөөлөр кургак сүттүн курамында өндүрүштө колдонулуучу зыяндуу меламин заты бар экенин көргөзгөн.

Тамак-аштын коопсуздугу жагына өлкөнү эң оор кризиске кептеген бул окуя үчүн дагы башка 19 адам айыптуу деп табылып, аларга ар кандай жаза чегерилди.

XS
SM
MD
LG