Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:48

АКШ Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жакын арада жарыялайт


Президент Барак Обама бул тууралуу Вашингтондо, Индиянын премьер- министри Манмохан Сингх менен чогуу өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирди. Обама белгилегендей, анын көздөгөнү - Ооганстандагы согуштун сегиз жылынан соң ал жердеги “ишти аягына чыгаруучу” планга ээ болуу. Муну айтар алдында Обама Ооганстанга кошумча дагы миңдеген аскерлерди жөнөтүүнүн зарылдыгы бар -жогун талкуулоо үчүн администрациясындагы башкы кеңешчилер менен соңку жыйынды өткөргөн эле. Ага вице-президент Жо Байден, Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, коргоо министри Роберт Гейтс жана башка расмий өкүлдөр катышкан.

АКШ менен НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы азыркы кол башчысы, генерал Стэнли МакКристал талиб согушкерлерине каршы күрөшүү үчүн кошумча 40 миң жоокер жөнөтүүнү суранган.

Бул аралыкта британ коргоо министри Боб Эйнсуорт кечээ Вашингтондун Ооганстанга кошумча күчтөрдү жиберүү же жибербөө маселесин чечүүнү кечеңдетүүсү алардын ооган согушу үчүн коомдук колдоо алуу аракетине шек келтирип жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG