Мусулмандын беш парызынын бирин аткаруу үчүн Саудияга быйыл эки жарым миллиондой адам жыйналды. Бул жылдагыдан аз. Зыяратчылар санынын төмөндөшү чочконун сасык тумоосунан улам чыккан кооптонуулар менен байланыштырылып жатат. Сауд Аравиянын өкмөтү да быйыл саламаттыкты сактоо жагынан кошумча чараларды көрдү. Зыяратчыларда илдеттин белгилери бар - жогун текшерүү үчүн жабдууларды орнотту. Ал эми коопсуздукту Мекке менен Мединада 100 миңден ашуун полицей жана коопсуздук күчтөрү көзөмөлдөөдө.