Бул тууралуу билдирген “Электр станциялар” ишканасынын жетекчиси Сапарбек Балкыбековдун айтуусунда, Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи генератору келерки жылдын май-июнь айларында ишке киргизилет. Буга чейин өкмөт биринчи генератор ушул жылдын соңунда ишке киргизилет деп убада берип келишкен. (AJ)