Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев бүгүн Бишкекте Борбор Азиядагы фондулук биржанын кеңесинин ачылышында келерки жылы баалуу кагаздар базары жанданарын айтты. Буга аталган агенттиктин жүргүзгөн реформалары түрткү болоорун белгилеген Максим Бакиев келерки жылдан тарта корпоративдик облигациялар чыгарыларын, мамлекеттик компаниялар кайра түзүлүп алардын акцияларын сатуу көбөйтүлөрүн кошумчалады. (EBM)