Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

Аялдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча иш-чара башталды

Бишкектеги “Сезим” кризистик борборуна кайрылган аялдардын теңинен көбү аракечтиктин айынан үй-бүлөдө зомбулукка кабылышат. Аталган борбордун башчысы Бүбүсара Рыскулова мындай көрүнүш бир эле үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй коомдун проблемасына айланып баратканын белгиледи. Расмий маалымтка ылайык, өлкөдө кризистик борборлорго жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркаган он миңге жакын аял кайрылат. Бүгүн дүйнө жүзүндө аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу боюнча он алты күндүк иш-чара башталды. (EBM)
XS
SM
MD
LG