Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Балыкчы окуясы боюнча сот 3-декабрда уланат


Балыкчы окуясына байланыштуу бүгүн болгон соттук жараянда кылмыш ишинин ичиндеги документтерди иликтөө жүргүзүлүп, айыпталуучулар менен жабырлануучулардын беттешүү протоколдору катышуучуларга тааныштырылды. Сот жараянында айрым протоколдорго адвокаттардын колу коюлбаганы белгилүү болду. Адвокат Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жактоочулар соттон айыпталуучуларга өкүм чыгарууда муну эске алуусун өтүнүштү.

Ал эми 3-декабрдагы соттук териштирүүдө жарыш сөз болмокчу.

23-июлдагы президенттик шайлоодо добуш берүү мыйзам бузуулар менен өтүп жатканына нааразылыгын билдирип, жергиликтүү администрацияга келген 20дан ашуун кишини милиция камакка алган. Алардын ичинен 23 кишиге “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык уюштурган” деген айыптар менен кылмыш иши козголгон. Ушул тапта Балыкчы СИЗОсунда 10 киши камакта. Калгандары ден соолугуна жана башка себептерге байланыштуу эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен үй камагында. (ZKo)

XS
SM
MD
LG