Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Өзгөндөгү атыш үчүн айыпталгандардын соту аяктоодо


Укук коргоочу Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүнкү болгон соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу соттон айыпталуучуларга эң жогорку жаза - өмүр бою түрмөгө кесүү жазасын өкүм кылууну сурады.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Өзгөндө куралчан топ жок кылынып, төрт киши: ата-бала Абдишүкүр, Мухтаржан Мамадалиевдер, Манзура Юлчиева жана Тохтар уулу Заит кармалгандыгы маалымдалган. Укук коргоочу Азиза Абдурасулова буларга жок жерден айып тагылып, күнөөлөнүп жатканын белгилөөдө.

Ал эми Өзгөн райондук прокуратурасы тергөө иштери мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн бекемдөөдө. Өзгөндөгү ок атышуу боюнча ишти Ош облустук прокуратурасы иликтеп, тергеген.

Бул иш боюнча акыркы соттук жараян 4-декабрга белгиленди, анда өкүм чыгары кабарланууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG