Грузиянын ажырап кеткен республикасы - Абхазия өз Конституциясын 1994-жылдын 26 - ноябрында кабыл алган. Былтыр августа Орусия – Грузия ортосундагы согуштун соңунан Москва Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныды. Грузия болсо аны азыр да өзүнүн бир бөлүгү деп санайт. Конституция күнүнүн жана Баш мыйзамдын 15 жылдык мааракесинин урматына абхаз парламенти бүгүн атайын жыйынга чогулмакчы.