Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Орусияда Путин менен Медведевдин бедели төмөндөөдө


Муну коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары көргөзүүдө. Коомдук пикир кору Интернеттеги өз баракчасында жайгаштырган маалыматтарга караганда, премьер- министр Путинге карата коомдук ишенимдин көрсөткүчү октябрь айынын орто ченинде 72% болсо, 22-ноябрга карата 65%га түшкөн. Ал эми Дмитрий Медведевдин бедели 62%дан 54%га ылдыйлаган. Орусия али терең экономикалык кризистин кучагында кала берүүдө. Маселен Улуттук дүң өндүрүш быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча 8,9%га төмөндөдү. Өлкөдө жумушсуздардын саны былтыр 4,1 миллион болсо, быйыл октябрда 5,8 миллионго чыккан.

XS
SM
MD
LG