Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

АКШ президенти Ооганстан боюнча стратегиясын 1-декабрда жарыялайт


Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс билдиргендей, Барак Обама элге кайрылуусун келерки шейшембиде АКШнын эң эски - Вест-Пойнт аскерий академиясынан жасаган жатат. Президент анда узарып кеткен ооган согушу жана акыр аягында АКШнын Ооганстандагы аскерий вазийпасын аяктоо боюнча планын ачыктамакчы. Барак Обама буга чейин Ооганстандагы мындан аркы кадамдарды талкуулоо үчүн аскерий жана коопсуздук боюнча кеңешчилери менен он ирээт жыйын курду. АКШ жана НАТО күчтөрүнүн азыркы командачысы президенттен кошумча 40 миң жоокер жөнөтүүнү суранган. Аскерий тармактагы өкүлдөрдөрдүн айтымында, Барак Обама келерки жылдан тарта Ооганстанга кошумча 35 миң жоокер жөнөтөрү күтүлүүдө.

Бул аралыкта кечээ британ премьери Гордон Браун НАТОго кирген өлкөлөр Ооганстанга кошумча 5 миң жоокер жиберүүгө даяр экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG