Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Казакстан ЕККУга төрагалыкка чейин реформага муктаж


Бул тууралуу “Хьюман Райтс Уочт” уюму билдирди. Аталган уюм мындай билдирүүнү ЕККУнун 1-2-декабрда Афинада өтүүчү жыйыны алдында жасады. Бул Казакстан келерки жылы ЕККУда төрагалык кыла баштар алдындагы акыркы кеңешме болот. “Хьюман Райтс Уочт” өз баяндамасында Казакстанда эркин басма сөздүн жоктугун, адам укугун коргоочулар абакка түшүп жатканын сынга алуу менен өлкө ЕККУнун адам укуктары боюнча стандарттарына жооп бербесин белгилейт.

Ал эми баш кеңсеси Лондондо жайгашкан “Chatam House” иликтөө уюму өзүнүн “Дүйнө бүгүн” деген басылмасында “Баалуулуктардын кагылышы” деген макала жарыялап, Казакстандын ЕККУдагы төрагалыгы өзгөртүүчү натыйжа берет деген үмүттөр жаңылыш болгондугуна токтолду. Аталган уюмдун пикиринде, 2007-жылы Казакстанга 2010-жылы ЕККУда төрагалык кылуу укугу бир добуштан берилгенден бери башкасы болбосо да, адам укуктары боюнча абал начарлады.

XS
SM
MD
LG