Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Израиль конуштардын курулушун убактысынча тоңдурат


Израилдин өкмөтү кечээ жарыялангандай, алар Иордандын Батыш жээгиндеги конуштардын курулушун он айга тоңдурмакчы. Жөөт премьер- министри Беньямин Нетаньяху муну тынчтыкты көздөй маанилүү кадам деп атады. Бирок көрүлүп жаткан чара Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүнө жайылтылбайт. АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Жорж Митчелл Израилдин соңку жарыясын кубаттоо менен төмөнкүлөрдү айтты:

-Жаңы конуштарды курууну он айга токтотуу – курулушту толук токтоткондук эмес. Бирок бул Израилдин кайсыл өкмөтү болбосун буга чейин жасагандын баарынан көптүк кылат. Мындай кадам тараптардын мунасага жетүүсүнө көмөктөшүүсү мүмкүн.

Палестин тарап тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайра жандануусу үчүн конуштардын курулушу толук токтотулуусун талап кылып келүүдө. Палестин президенти Махмуд Аббастын өкүлү Израилдин чечимин комментарийлеген сөзүндө мына ушул ойду кайталады.

Иордандын Батыш жээгинде жана Иерусалимдин аннекцияланган аймактарында 2,7 миллион палестиналык менен катар 500 миңдей жөөт жашайт.

XS
SM
MD
LG