Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Индия Мумбайдагы чабуулдун бир жылдыгын белгилөөдө


Былтыр ушул күнү жакшы куралданган он согушкер Мумбайга кайыктар менен келип, бир нече жерден кол салганда, 166 адам каза тапкан. Үч күнгө созулган атышуулар учурунда согушкерлердин тогузу жок кылынып, бирөөсү туткундалган. Индия кол салуу үчүн коңшу Пакистанда жайгашкан “Лашкар-е-Тайба” согушчан тобун айыптаган. Ага катар расмий Дели Исламабадга аталган уюмду жабуусу жана уюмдун Мумбайдагы кол салууга тиешеси бар мүчөлөрүнүн баарын өткөрүп берүүсү үчүн кысым көргөзгөн.

Бүгүн Мумбайда коопсуздук күчтөрүнүн парады өтөт, былтыркы чабуулда курман болгондордун урматына мемориал ачылат, алардын арбайы былтыр кол салынган жерлерде шам күйгүзүү аркылуу эскерилет.

XS
SM
MD
LG