Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Айрым энергетикалык жетекчилер иштен айдалды


Бүгүн өкмөт жылуулук сезонуна даярдык боюнча республикалык жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов Нарындагы “Чыгышэлектро” компаниясынын жетекчисин электр энергиясы көп жоготууга учурап жатканына жол бергендиги үчүн кызматтан алды. “Баткенгаздын” башчысы да иштен бошотулду. Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлигинин Тариф саясаты боюнча департаментинин башчысын энергетикага жана жылуулукка бааны көтөрүү керек деп демилге көтөрүп чыгып, бирок элге жетишээрлик түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн иштен бошотту. “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси Сапарбек Балкыбеков менен “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомунун жетекчиси Автандил Сыдыковго сөгүш берилди. Д. Үсөнов ооруканаларда, маданий жайларда жана мейманканаларда жарыкты өчүрбөө тууралуу өкмөттүн токтому ишке ашырылбай жатканын айтып, бул жагдайды жөндөөгө эки жума мөөнөт берди. Жакында эле кыргыз өкмөтү жаңы жылдан тарта энергетиканын жана жылуулуктун баасы бир нече эсе кымбаттаттуу тууралуу чечим чыгарган. Айрым серепчилер бул иш-аракеттер өлкөдө жакыр адамдардын санын кескин көбөйтүп жиберет, деп чочулап жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG