Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:27

Кышка даярдык бүттү


Кыргыз өкмөтүнүн бүгүнкү отчеттук жыйынында маалымдаганы боюнча кышка камылга республика боюнча 93% түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин эл, социалдык обьекттер, карылар үйлөрү, интернаттар толук отун-көмүр менен камсыз болду. Премьер-министр Данияр Үсөновдун маалыматы боюнча кышка даярдыкты текшерүү максатында өлкөдөгү 700 миң кожолуктун отун-көмүрү бар-жогу иликтенген. Жыйында айтылгандай, көмүрдүн баасы Баткенде кымбат, бул аймакта 1 тонна көмүр 5 миң сом. Облустун Кадамжай районунда 6 миңден да бар. Көмүрдүн арзаны Нарында 2-2,5 миң сом. Жалпы Кыргызстан боюнча жылыга 2 млн. тоннанын айланасында көмүр жагылат.

Бүгүнкү күнү Бишкек ТЭЦинин 6, Ош ТЭЦинин 2 жылытуучу агрегаты иштеп жатат. Быйылкы кыштан чыгууга Бишкек ТЭЦине дагы 120 миң тонна көмүр жетпейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG