Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Молдовада президентти шайлоо аракети кайрадан жасалат


Өлкө парламенти президентти шайлоо боюнча экинчи аракетин 7-декабрда жасамакчы. “Азаттыктын” молдован кызматы билдиргендей, шайлоо мөөнөтүн парламент бүгүн бекитери күтүлүүдө. Ал президенттикке жалгыз эле талапкер көрсөтүлүүдө. Европага интеграция альянсына кирген төрт партиянын биринин лидери Мариан Лупу ушул айдын башындагы шайлоодо жетиштүү добуш топтой алган эмес. Анда оппозициядагы коммунисттер добуш берүү алдында парламент жыйынынан чыгып кетишкен. Бирок экинчи шайлоодо ал жетиштүү добуш алат деп күтүлүүдө. Кабарларга ккараганда, болочок президент Компартиянын депуттарына анын талапкерлигин колдогонунун ордуна өкмөттөн кызмат орундарын сунуш кылган. Европага интеграция альясына кирген төрт партия Молдованын азыркы парламентинде көпчүлүктү түзөт.

XS
SM
MD
LG