Жаңы ректорду Улуттук университеттин профессордук-окутуучулук жамаатына 26-ноябрда премьер-министр Данияр Үсөнов жана билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев алып барып тааныштырды. Досбол Нур уулу 2005-жылдагы март окуяларынан кийин адегенде билим берүү жана илим министри, андан кийин вице-премьер-министр, соңку учурда мамлекеттик катчы кызматында иштеп келди. Президенттин жаңы башкаруу реформасынын жүрүшүндө Мамлекеттик катчынын кызматы кыскартылган болчу. (KCh)