Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Ошто жазык аткаруу башкармалыгынын жетекчилери жоопко тартылат


Ош шаарындагы СИЗОдо кармалып тургандардын качып чыкканына байланыштуу Башкы прокуратура Жазык аткаруу башкармалыгынын Оштогу жетекчилерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокурор Нурлан Турсункуловдун маалыматына таянып, Аки-пресс агенттиги жазып чыкты. Баш прокурордун милдетин аткаруучу билдиргени боюнча бүгүн Ошко Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин тергөө башкармалыгынын жетекчиси баштаган атайын топ жөнөп кетти.

Мурда кабарлангандай бүгүн түндө Ош шаарындагы СИЗОдон “киши өлтүргөн” деген айып менен кармалып турган үч киши качып кеткен. Милициянын атайын операциясынын негизинде бүгүн түшкө жуук качкындардын үчөө тең кармалып, камакка алынган.

Эки ай мурун Ош шаарындагы Улуттук коопсуздук кызматынын СИЗОсунан да үч киши качып чыгып, көп өтпөй кармалышканы белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG