Уюштуруучулардын билдиришинче, фильм Dymaq Film студиясынын алгачкы эмгеги болуп саналат. Аталган студия 2007-жылы таланттуу жаштардын демилгеси менен түзүлгөн. Тасмада жаштардын жана айлана-чөйрөнүн актуалдуу маселелери чагылдырылган. “Желкайып” долбоору Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцариялык бюронун, Айлана чөйрө жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин, Билим берүү министрлигинин колдоосу астында ишке ашырылган. Тасманын бет ачары 3-декабрь күнү Бишкектеги Кино үйүндө болот. (AzK)