Таасирлүү «Билермандар жыйынынын» мүчөсү Ахмед Катами Иран ядролук технология укугунан пара беришсе да баш тартпай тургандыгын бышыктады. Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кечээ Иранды сынга алган резолюция кабыл алган эле. Анда Ирандын уран байытуучу жайды жашыруун иштеткени айыпталып, аны дароо жабуу талап кылынган эле. Кошмо Штаттары Ирандын ядролук курал программасы боюнча эл аралык коомчулуктун чыдамы түгөнүп, дипломатиялык мунаса мүмкүнчүлүгүнө убакыт тарып баратканын эскертти.