Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Баткенде туризмден түшкөн каражат былтыркыдан 9 эсе көп


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин туризм жана инвестицияларды тартуу секторунун башчысы Эрмек Бахавадинов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, өткөн жылдын он бир айында туризм жаатынын түшкөн каражат 50 млн. сом болсо быйылкы жылдын ушул мезгилинде 480 млн. сомдой болгон жана өткөн жылга салыштырмалуу аймакка келген кишилер 56 миңге көп болгон. Бул тармака тартылган инвестиция 47 млн. сомду түзгөн. Аймакта экстрималдык жана эко туризм, сыйынуучу жайлар өнүгүп жатат, дейт Эрмек Бахавадинов.

Ал эми “Сөгөтү-Баткен” туристтик мекеменин жетекчиси Сабыралы Шаймарданкулов болсо мамлекет туризм жаатына таптакыр жардам бербегендигин, чек ара маселесинин оор болушу бул тармактын өнүгүүсүнө бут тосуп жатканын айтат. (JsA)

XS
SM
MD
LG