Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Орусиянын чалгын кызматы поезд бомбадан кыйрагандыгын бышыктады


Федералдык Чалгын кызматынын жетекчиси Александр Бортников президент Дмитрий Медведевге Москва менен Санкт-Петербургдун ортосунда бараткан поезд 7 кг тротилге барабар жардыргыч зат колдонулгандыгын билдирди. Кечээ кечиндеги кырсыкта аз дегенде 25 кишинин өмүрү кыйылып, 100 чакты киши жараат алганы кабарланууда.

Улуттук темир жол компаниясынын жетекчиси Владимир Яакуниндин айтымында, бир нече вагон темир жолдун түбүнө коюлган бомбадан улам аңтарылып кеткен болушу мүмкүн:

– Жардыруу болгон деген божомол да иликтенип жатат. Буга обьективдүү себептер бар, бирок муну тергөө тастыкташы керек.

Тергөөчүлөрдүн өкүлү Владимир Маркин жардыруу болгон жерден туурасы бир жарым метрлик, тереңдиги 70 сантиметр келген чуңкур табылганын бышыктады. Ушул эле жерде жардыргыч заттардын калдыктары да бар болуп чыкты. Кечээ кечиндеги кырсыкта аз дегенде 25 кишинин өмүрү кыйылып, 100 чакты киши жараат алганы кабарланууда. Алар поезддеги бир нече машина вагондордон кулап түшкөндө жараат алышкан.

Орусиянын маалымат агенттиктерине ылайык, прокурорлор терроризм жана мыйзамсыз курал сактоо боюнча кылмыш ишин козгоду. Ушул эле жолдо 2007-жылы да бомба жарылып, поезд жолдон чыгып кеткенде 30 чакты киши жараат алган. Ал ирет чечен козголоңчулары менен байланышта деп шектелген эки кишиге темир жолго бомба жайгаштырган деген айып коюлган.

XS
SM
MD
LG