Нөшөрлөп жааган жаандан деңиз боюндагы Жедда шаары 25-ноябрда суу астында калган эле. Курмандыктардын көбү көпүрөлөр кулап, машиналардын кыйрашынан көз жумушту. Бул - көп жылдардан берки эң катуу жаан болуп калды. Бийликтердин айтымында, Жеддадан 80 чакырым жердеги Мекке шаарында өтүп жаткан ажылык сыяпатына келгендерден эч ким жапа чеккен жок.