Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

Швецарияда шайлоочулар минарет курууга каршы добуш беришкен шекилдүү


Жергиликтүү сыналгыдан кабарлашкандай, бүгүнкү референдумда ашкере улутчулдардын өлкөдө жаңы минарет курууга тыюу салуу сунушу колдоого ээ болгондугу болжолдонууда. Добуш берүү түштө аяктагандан жарым сааттан кийин француз тилиндеги теле-канал шайлоодо «колдоо» көп болгондугун, бул «өтө таң калыштуу» экендигин билдирди. Буга чейин Швецариянын өкмөтү да, парламенти да мындай сунушту «Конституцияны, дин эркиндигин жана улуттун толеранттуулук салтын бузат» деп четке каккан эле.

XS
SM
MD
LG