Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

АКШ күчтөрү “ал – Каида” жолбашчысын кармоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган


Бул тууралуу АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Анда белгиленгендей, эгер аскерлер сан жагынан жетиштүү болгондо АКШ Усама бин - Ладенди 2001-жылы эле колго түшүрмөк же жок кыла алмак. Баяндамада ал кездеги америкалык колбашчылар “ал-Каида” лидери жашырынып жатат деп эсептелген Тора Бора аймагына дароо чабуул жасоо үчүн көбүрөөк аскер берүү жөнүндөгү өтүнүчтү четке каккандыгы көргөзүлгөн. Мунун ордуна сокку абадан урулуп, ал эми чабуулду баштоо ооган, ал эми качуучу жолдорду тосуу иши пакистандык күчтөргө тапшырылган. Баяндамада АКШнын ошол кездеги коргоо министри Дональд Расмфелд менен аскерлердин командачысы, азыр отставкадагы генерал Томми Фрэнкстин ишмердүүлүгү сынга алынган.

XS
SM
MD
LG