Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:38

Германияда бүгүн Жон Деменьюктун үстүнөн сот башталат


Теги боюнча украин Жон (Иван) Деменьюк Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жөөттөрдү массалык түрдө кырууга катыштыгы бар деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, азыр жашы 90го келип калган Деменьюк алгач Кызыл армиянын катарында согушкан. Андан соң нацисттерге туткунга түшүп, кийинчерек Польшадагы Собибор концлагерин кайтаруу кызматына алынган. Ошол жерде 27 миңден ашуун жөөттү кырууга жардам көргөзгөн. Бүгүн Мюнхенде башталып жаткан сот фашисттик Германиянын доору менен байланышкан окуялар териштирилүүчү эң акыркы жараян болчудай. Карыянын өзү коюлган айыптарды четке кагып келүүдө. Анын салматтыгынын начардыгына байланыштуу сот күнүнө 90 минуттан эки гана жыйын өткөрүп турат.

XS
SM
MD
LG