Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Абдыкадыр Жороев билдирди. Анын айтымында, жуктуруп алгандардын отузга жакыны Кыргызстанга сырттан келгендер болуп эсептелет. Учурда жер-жерлердеги ооруканаларда он төрт киши дарыланып жатат. Калгандары тиешелүү дарылоодон өтүп үйлөрүнө чыгып кетишти. А. Жороев дары-дармектер жетиштүү экенин, оорунун алдын алуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Аталган министрликтин алдында чочко тумоосу боюнча атайын штаб түзүлүп иштеп жатканын кошумчалады. (EBM)