Вашингтондун билдирүүсүндө “Тегеран өзүнүн ядролук программасы боюнча кооптонууларга ачык жообун бергенге мөөнөтү аяктап калганы” айтылды. Ак Үй билдирүүнү Иран уран байытуучу 10 жаңы заводун куруу планы бар экенин айткандан кийин жасады. Бир нече күн мурда Бириккен улуттар уюму Иранды сындаган болчу. Германия “буга өтө тынчсызданып жатканын” айтса, Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд: “Расмий Тегеран эларалык коомчулукту тукуруктап жатат”, - деди.