Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

О.Дүйшеев: Энергетика тармагы убагында киреше берген


“2000-жылы электр кубатынын баасы он жети тыйын, элге 11 тыйындан сатылган кезде 1 млрд. 500 миллион сом киреше алган. Азыр ал акчалар кайда? Учурда деле суу ошондой эле келип, ошончолук электр кубатын берип жатат. Адистер электр тармагындагы абалды оңдоо үчүн өздүк баасынан 25-30 пайызга көбөйтүшкөн. Булардын баары эске алынбай өкмөттүн электр кубатына жана жылуулукка тарифти эбегейсиз кымбаттатуу боюнча реформасы кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келет”,-деп билдирди энергетика боюнча эксперт Орозбек Дүйшеев “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө.

Ал эми Энергетика министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев болсо энергетика тармагында абал оор экендигин, тарифтерди көтөрүп, акча каражатын таап эскирген жабдыктарды алмаштырбаса энергетика коопсуздугуна коркунуч тууларын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG