2-декабрда “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясында Бишкек, Ош жана Баткен облустарынын тургундарынын катышуусу менен электр энергия жана жылуулукка тарифтерди көтөрүү маселелеси талкууланат. Региондор менен байланыш коалиция түптөгөн интернет видео аркылуу жүргүзүлөт. Ага депутаттар, адистер жана карапайым калктын өкүлдөрү чакырылган.(AiT)