Бул тууралуу өлкөдө саясий куугунтуктоого кабылгандардын укугун коргоо комитетинин жетекчиси Топчубек Тургуналиев 30-ноябрда билдирди. Анын айтымында, Аскар Акаевдин тушунда эл аралык “Transparency International” уюму тарабынан абийир туткуну деп Кыргызстандан 11 адам таанылса, акыркы эки жылда 98 кишиге абийир туткуну статусу берилди. Бийлик саясий куугунтуктоолор тууралуу айыптоолорду четке кагып келатат.(AiT)