Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

АКШ жана Евробиримдик Ирандын жаңы заводдор боюнча чечимин сынга алды


Тегеран уран байытуу боюнча жаңы он завод курарын жекшемби күнү жарыялаган эле. Евробиримдиктин тышкы саясатты тейлеген жана кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан өкүлү Хавьер- Солана Тегерандын кадамын “жаңылыш чечим” деп баалады. Ал эми Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Сюзан Райс эгер Ирандын жарыясы ишке ашырылса, өлкөнү эл аралык коомчулуктан огош бетер обочолонторун белгиледи. Тегерандын соңку жарыясы анын атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик –МАГАТЭге берген жообу катары каралууда. МАГАТЭ өткөн аптадагы жыйынында Иранды Ком деген шаардын жанында уран байытуучу заводду жашыруун куруп жатканы үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG