Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Гуантанамонун эки туткуну Италияга алынып келинди


Италияга дүйшөмбү күнү алынып келингендер – Тунист мамлекетинин жарандары жана учурда Милан шаарында абакта кармалууда. Өлкөнүн юстиция министри Анжелино Альфанонун айтымында, алар Италия соту алдында көрсөтмө берет. Ал эми коюлуп жаткан айыптар кандай экендиги жөнүндө италиялык министр эч нерсе айткан жок. Анжелино Альфана белгилегендей, анын өлкөсү Гуантанамодо отургандардын экөөсүнүн ишин сотто кароого аталган түрмөнү мүмкүн болушунча тез жабууга умтулап жаткан АКШ президенти Барак Обаманын администрациясынын ишин жеңилдетүү үчүн макул болду. Гуантанамо түрмөсүндө терроризм боюнча айыпталган чет элдиктер отурат.

XS
SM
MD
LG