Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

АКШ президенти Ооганстан боюнча стратегиясын жарыялайт


Талибанга жана “ал-Каидага” каршы согушту жеңүүнү максат кылган жаңы стратегиянын алкагында Барак Обама Ооганстанга кошумча дагы миңдеген аскерлер жиберилерин жарыялары күтүлүүдө. Ал өз планы боюнча түшүндүрмөнү Бишкек убактысы боюнча 2-декабрда таңкы саат 7:00до, Нью-Йорктогу Вест Поинт аскерий академиясынан сүйлөөчү сөзүндө бергени жатат.

АКШ президенти планын коопсуздук боюнча кеңешчилери менен үч айга созулган кылдат талкуудан соң ачыктоодо. Кабарларга караганда, Ооганстанга кошумча 30 миң жоокер жөнөтүлүүсү мүмкүн. Мунун менен ал жердеги америкалык аскерлер саны 100 миңге жакындап барат.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, президент өз сөзүндө өлкөдөгү коопсуздуктун негизги жоопкерчилигин алуусу үчүн ооган армиясы менен полициясын машыктыруунун маанисине басым жасачыдай.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, Обама Ооганстан боюнча жаңы планды ишке ашыра баштоосу үчүн армияга жекшемби күнү буйрук берди жана жаңы стратегия менен Орусия, Франция, Британия лидерлерин кабардар кылды.

Барак Обаманын сөзүн утурлай Британия Ооганстанга кошумча 500 жоокер жиберүүгө даяр экенин ырастады. Бул тууралуу премьер- министр Гордон Браун билдирди. Жаңыдан баруучу топту кошкондо Британиянын Ооганстандагы күчтөрүнүн саны 10 миңден ашат.

XS
SM
MD
LG