Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Кыргызстанда 20 чакан ГЭС курулат


Кыргызстандагы Чакан жана орточо энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы Малайзияда жергиликтүү “Селога Холдингс” компаниясы менен энергетика жаатында кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. Келишимге ылайык, жакынкы үч-беш жылдын аралыгында 300 миллион долларлык долбоор ишке кирет. Анын алкагында Кыргызстанда 240 мегаватт кубаты бар 20 чакан ГЭС курулат. Аталаган дерекциянын башчысы Феликс Куловдун маалымдашынча, жакынкы күндөрү “Селога Холдингс” компаниясынын адистери ишкер долбоорлорду даярдоо, ГЭСтер курулуучу жерлерди аныктоо үчүн Кыргызстанга келип кетишмекчи. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG