Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:15

Германия Ооганстанга кошумча аскер жөнөтпөйт

Канцлер Ангела Меркел Германия Ооганстандагы аскерлеринин санын көбөйтүүгө даяр эмес деп билдирди. Германия кошумча аскер жиберип-жибербөө чечимин Ооганстан боюнча эл аралык конференциядан кийин кабыл алат, - деди канцлер. Жыйын эмки айда Лондондо өтмөкчү. Ооганстанда ушу тапта НАТОнун бейпилдик күчтөрү алкагында немистердин 4 миңдей жоокери кызмат өтөөдө. Апта соңунда парламент алардын мандатын узартат деп күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG