Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш бар


Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Азербайжан-Армения ортосундагы чатакты жөнгө салуу багытында иштеп келе жаткан Минск тобунун кечээги жыйыны учурунда айтылды. Жыйын ЕККУга кирген өлкөлөрдүн министрлер кеңешинин кечээ Афинада башталган кеңешмеси учурунда өттү. Ортомчулардын Минск тобуна АКШ, Орусия, Франция кирет. Азери жана армян президенттери Илхам Алиев менен Серж Саркисян Тоолуу Карабак боюнча акыркы ирээт өткөн айда Мюнхенде сүйлөшүү өткөрүштү. Калк жагынан армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабак Азербайжандан 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин ажырап кеткен. Аймактын саясий келечеги боюнча эки тарап андан бери кайчы көз карашты карманып келүүдө.

XS
SM
MD
LG