БУУнун башкеңсеси Гаагада жайгашкан соту ишти кароону кечээ баштады. Чечим чыкканга чейин бир нече ай өтүшү мүмкүн. Сотко доо-арыз жолдогон Сербия Косовонун көз карандысыздык декларациясы мыйзамсыз, эл аралык мыйзамдар менен катар Сербиянын суверенитетине шек келтирет деп эсептейт. Сербия сотто Косовонун Көз карандысыздык декларациясынын жарактуулугу боюнча укуктук аныктама чыгарып берүүнү суранууда.
БУУнун сотунун чечими мыйзамдык күчкө ээ эмес, кеңеш берүү мүнөзүндө гана болот жана тигил же бул өлкөнүн Косового карата мамилесине таасир тийгизүүсү мүмкүн.
Косовонун көз карандысыздыгы азыркыга чейин 60тан ашуун өлкө, анын ичине Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү жана АКШ тарабынан таанылган. Сербия жана анын өнөктөшү Орусия буга каршы болуп келүүдө.