Бүгүн “Ак жол” фракциясы президент Курманбек Бакиев баш прокурор кызматына сунуштаган Нурлан Турсункуловго макулдук берүүнү карады. Депутаттар 61 добуш менен Нурлан Турсункуловду бул кызматка дайындоого макулдук беришти. 23-ноябрда Н. Турсункулов президенттин жардыгы менен адилет министри кызматынан бошотулуп, баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Мурунку баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев президенттин коопсуздук жана коргонуу боюнча кеңешчиси болуп бекиген. (AzK)