Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Н.Турсункулов: Башкы прокуратурада реформалар болот


Бул туурасында баш прокурор кызматына президент тарабынан сунушталган Нурлан Турсункулов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, ал бул кызматка дайындалгандан кийин Башкы прокуратурада төрт багытта реформа жүргүзүлөт. “Эң негизгиси прокуратурага тиешелүү нормативдик актыларды ревизиялоо керек. Прокуратура системасынын ишин автоматташтыруу зарыл. Мындан сырткары тергөө багытына жана кадр маселесине өзгөчө көңүл бурбаса болбойт", деди Нурлан Турсункулов.

Бүгүн “Ак жол” фракциясы анын прокурордук кызматка дайындалышына макулдугун берди. (AzK)

XS
SM
MD
LG