Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Түрк лидери Жакынкы Чыгышты өзөктүк куралдан эркин кылууга чакырды


Абдулла Гүл Жакынкы Чыгышты массалык кыргын салуучу куралдын баардык түрүнөн эркин аймакка айлантуу менен катар Ирандын өзөктүк программасына байланышкан тирешти дипломатиялык жол менен чечүү чакырыгын да кайталады. Ал бул тууралуу Амманда, Иорданиянын мамлекеттик телесине берген интервьюда айткан. Өзөктүк программасы талаш туудурган Иран менен бирге көптөр өзөктүк куралы бар деп эсептеген Израилди ишара кылган түрк президенти анын өлкөсү Жакынкы Чыгыш аймагында массалык кыргын салуучу куралдын кандай түрү болбосун каршы экенин белгиледи. Абдулла Гүл кошумчалагандай, НАТОго мүчө Түркия Иран менен андан шек санаган Батыш мамлекеттери менен өзөктүк программасына байланышкан талашын дипломатиялык жол аркылуу чечүүсү жөнүндө сүйлөшкөн. Ал эми өзөктүк энергиянын тынчтык максатта колдонулуусуна Түркия каршы эмес.

XS
SM
MD
LG