Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, Казакстан Кыргызстандан сатып алчу электр кубатынын акысын алдын ала төлөөгө макул болду. Астанада кол коюлган келишимге ылайык, Казакстан электр кубатын сугат мезгилинде сатып алмакчы, бул Кыргызстанга Токтогул суу сактагычынан сууну кое берилишин жөндөп алууга өбөлгө түзөт. Кыргызстан келерки жайда Казакстанга 540 млн кВт саат электр кубатын жалпы суммасы 20 млн долларга сатууну көздөп жатат. “Биз бул айда жана 2010-жылдын январь айында жалпы сумманын 50 пайызын алдын ала төлөм катарында алабыз”,-деп билдирди премьер-министр Д. Үсөнов. (KCh)