Президент Обаманын бул чечими менен Ооганстанда турган америкалык аскерлердин саны 100 миңге чукулдап барат. Кечээ кечинде сүйлөгөн сөзүндө Обама алардын бир бөлүгү коопсуздук милдеттерин ооган аскерлерине өткөрүп бергенден кийин, 2011-жылдын июлунда Ооганстандан чыгарыла баштай тургандыгын кошумчалады. Бирок ал АКШнын Ооганстандагы миссиясы качан бүтөөрүн так айткан жок.