Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

АКШ Ооганстандан чыгуунун так мөөнөтүн карманбайт


Бул тууралуу АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү билдирүүдө. Алардын айтымында, АКШ Ооганстандан америкалык аскерлерди эң эрте дегенде он сегиз айда чыгарууну баштоо боюнча кандайдыр бир атайын планга байланган эмес. Президент Барак Обама кечээ жаңы стратегия тууралуу жарыялап жатып, Ооганстандан аскерлерди чыгаруу 2011-жылдын июлунан тарта башталуусу мүмкүн экендигин айткан болчу.

Коргоо министри Роберт Гейтс Сенаттын аскерий иштер боюнча комитетиндеги жыйында билдиргендей, Ооганстандагы шарт –жагдай коопсуздук боюнча жоопкерчиликти жергиликтүү күчтөргө өткөрө баштоого мүмкүндүк берер-бербесин АКШ 2010-жылдын декабрында байкап көрөт. Эгер кырдаал оор деп эсептелсе, АКШ Ооганстанды таштап кетпейт.

Роберт Гейтстин айтымында, кошумча жөнөтүлүүчү 30 миң аскердин алгачкы бөлүгү Ооганстанга эки - үч аптанын ичинде келе баштайт. АКШ 2011-жылдын июлун Ооганстандан аскерлерди чыгара баштоонун өзгөрүлгүс мөөнөтү катары карманбай турганын Сенат комитетиндеги жыйында Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон да айтты. Бирок ал белгилегендей, Вашингтон бул мөөнөттү Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жана президент Карзайдын өкмөтү коопсуздук боюнча жоопкерчиликти өткөрүп ала баштоого даяр болуусу талап кылынган убакыт катары мерчемдеди.

Президент Барак Обама Ооганстанга жөнөтүлөрү жөнүндө кечээ жарыялаган 30 миң аскерди кошкондо, АКШ контингенти 100 миңге жакындап барат.

XS
SM
MD
LG